Чолпон-Ата шаарында эл аралык Run the Silk Road марафону башталды
- 1 месяц мурун
Чолпон-Ата шаарында Эл аралык Ысык-Көл Run the Silk Road марафону старт алды. Жарыш Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп, старт жана финиш ипподромдо уюштурулган.
Маалыматка ылайык, марафонго 20дан ашык өлкөдөн 3 миңге жакын катышуучу — кесипкөй спортчулар жана ышкыбоздор катышууда.
Катышуучулар 42,2 км, 21,1 км, 10 км жана 3 км аралыкка чуркоо, ошондой эле скандинавиялык жүрүш боюнча күч сынашат.
Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун колдоосу астында өтүп, спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын жайылтууну көздөйт. Ошондой эле марафон туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, Ысык-Көлдөгү сезонду эрте баштоого шарт түзөт.
Муну бөлүшүү




