Чолпон-Ата: дайынсыз болуп жаткан 4 өспүрүм табылды
- 5 месяцев мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Чолпон-Атада дайынсыз болгон 4 өспүрүм табылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 11 жаштагы үч бала жана 16 жаштагы бир бала тоого чыгып, саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз болгон.
Издөө иштерине 3 куткаруучу, 4 милиция кызматкери жана дайынсыз болгон балдардын жакындарынан 3 адам тартылган.
Натыйжада куткаруучулар тарабынан түнкү саат 12:10до жогорудагы 4 бала аман-эсен табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди.
Муну бөлүшүү