Чоң Чүй каналында 23 жаштагы кыз изделүүдө

  • 2 месяца мурун

Чоң Чүй каналында 23 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

10- июнь күнү Бишкек шаарынын Свердлов районунда Ж.Абдрахманов көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишинде суу жээгинен 2001-жылы туулган М.М. аттуу кыздын жеке буюмдары табылгандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Ошол эле күнү ыкчам түрдө Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, суучул тартылып, кечки саат 19:00гө чейин издөө иши жүргөн. Тилекке каршы жыйынтык болгон эмес.

Бүгүн, 11-июнь күнү аталган жаранды издөөгө 5 куткаруучу чыкты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты