Чоң Чүй каналынан жарандын сөөгү табылып, кылмышка шектүүлөр кармалды

  • 2 года мурун

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жарандын сөөгү табылып, кылмышка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-январда Чоң Чүй каналынан зомбулук менен өлтүрүлгөн, буту-колу байланган адамдын жансыз денеси табылган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аты-жөнү такталган. Ал жаран А.К. 1989-жылы туулган. Жаран 2022-жылдын 19-декабрынан бери дайынсыз болуп жаткан.

Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү делген 32 жаштагы Д. К. менен 23 жаштагы У. Ш. кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар 1А. К.ны сабап, колу-бутун байлап, каналдын суусуна ыргытып жиберишкенин моюнуна алышкан. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты