Чоң Чүй каналынан эркек адамдын жансыз денеси табылды
- 2 года мурун
Чоң Чүй каналынан эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
23-январда Алма-Ата көчөсүндө Чоң Чүй каналында 1989-жылы туулган А.К. аттуу эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшүп, чыгарып берүүнү суранган. Жерине 5 куткаруучу тартылып, жансыз денени суудан чыгарып ИИМ кызматына өткөрүп беришкен. Жогорудагы аталган эркек 19-январдан бери изделүүдө жүргөн.
Муну бөлүшүү