Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен аял изделүүдө

  • 2 года мурун

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен аял изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Элебесов көчөсүндө Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен аял кишини издөө үчүн ӨКМдин 8 куткаруучусу тартылды.

ИИМдин берген маалыматына ылайык, 12-июнда 1985-жылы туулган И.Е. аттуу жаран аталган жерде сууга түшүп жатып агып кеткен. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери «161» куткаруу кызматы жана «112» кызматына Кабар беришип, издөө иши жүрүүдө. Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4 куткаруучу жалпы 8 куткаруучу тартылды.Кошумча маалымат берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты