Чоң-Арыкта унаадан табылган өлүмдүн себептери иликтенүүдө
- 3 месяца мурун
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 13-мартында «102» кызматына Кожомбердиев көчөсүндөгү банкеттик залдардын биринин жанында токтоп турган унаадан ок атылганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерди кароодо милиция кызматкерлери 12-калибрдеги ИЖ-18 үлгүсүндөгү мылтык, 13 ок, гильза, эки уюлдук телефон (iPhone 15 жана Redmi), ошондой эле коштошуу каты жана башка далил буюмдарды табышкан.
Алдын ала соттук-медициналык кароонун жыйынтыгында каза болгон адамдын көкүрөк тушуна ок тийгени аныкталган. Жаракаттын мүнөзүн тактоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум карыздык милдеттенмелерине байланыштуу өзүнө кол салган болушу мүмкүн деген версия каралууда.

Муну бөлүшүү




