Чоң Алайда памирлик кыргыздар үчүн 400 үй курулат

  • 1 год мурун

Жакынкы арада Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу башталат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш иштерин быйыл май айында баштоо пландалууда. Бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон башка нерселер менен камсыздалат.

«Өлкө жетекчилиги Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Улуу Памиринин аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат. Бул максаттар үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматынын маалыматында.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты