Чоң-Алайда автоунаага май куюучу жайды карактоого шектелген жарандар кармалды

  • 12 месяцев мурун

Чоң-Алайда автоунаага май куюучу жайды карактоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-августтан 2-августка караган түнү Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнө аталган райондун 37 жаштагы Е.С. аттуу тургуну автонуаага май куюучу жайына белгисиз кылмышкерлер карактоо максатында кол салганын кабарлаган.

«Аталган билдирүү 2-август күнү Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу жетип барган. «Май куюучу жайга белгисиз эки жаран беттерине медициналык беткаптарды тагып алышып, эшиктерин тээп, айнектерди тапанча менен уруп сындырышып, май куюучу жайда оператор болуп иштеген Е.С.га “милицияга кабар берсең атып салам” деп коркутушкан. Кассадагы акча каражатын алып кетүүгө аракет кылышкан», — деп жазылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыштын изи сууй электе, аталган кылмышка шектүү катары Чоң-Алай районунун 21 жаштагы З.уулу Т. жана 18 жаштагы Т.П. атуу тургундары кармалды. Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде “каракчылык” кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, кармалган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты