Чоң-Алайда 10 турак үй жана 15 сарай жаандын кесепетинен жабыркады

  • 1 год мурун

Чоң-Алай районунда 10 турак үй жана 15 сарай жаандын кесепетинен жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

17-февраль күнү саат 10:00 чамасында Чоң-Алай районунда жааган жаандын кесепетинен арыктардан суу ашып, Чак айылынын Куу-Талаа тилкесинде жайгашкан 10 турак үйдү, 15 сарайды суу каптаган. Жогору аталган турак үйлөрдүн ичинен, 2 турак үйдүн тургундары туугандарына көчөрүлгөн. Бүгүн тазалоо иш-чараларына Чоң-Алай айыл өкмөтүнөн 1 жүктөгүч тартылгып , 2023-жылдын 18-февралы саат 13:40та катталган кырсыктын кесепети жоюлган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты