Челябинскиде өспүрүм окуучуларга балка жана бычак менен кол салды

  • 5 дней мурун

Челябинскиде өспүрүм балка жана бычак менен мектепке кол салды, жабыркагандар бар. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматты облус губернатору Алексей Текслер тастыктады.

Челябинскидеги 74.ru басылмасынын маалыматына караганда, балдарды коргоого аракет кылган эки кыз, бир бала жана мугалим жарадар болгон. Шектүүнүн колунда пневматикалык тапанча да болгон, аны колдонгон эмес. Классташтары кол салган бала эч нерсе деп кыйкырбаганын белгилешүүдө. Басылманын айтымында, кол салуудан кийин ал өз жанын кыюуга аракет кылган. Учурда өспүрүм кармалып, аны менен тергөөчүлөр иштеп жатат.

«112» Telegram каналы кылмышка шектүү 13 жашта экенин жазды. 7-класстын окуучусу биринчи сабактын бүтөрүнө бир нече мүнөт калганда класска кирип, классташтарын туш келди уруп баштаганын жазды. Жаракат алган окуучулардын бири — реанимацияда.

Mash телеграм-каналынын маалыматына караганда, жабыркагандар башынан жаракат алып, манжалары сынган. Облустук саламаттык сактоо башкармалыгы алар ооруканага жаткырылганын, учурда абалдары туруктуу экенин кабарлады.

Тергөөчүлөр кол салуу боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу жана шалаакылык беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты