Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө шектелип Өзбекстандын жараны кармалды

  • 3 года мурун

14-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын аймагына жасалма документ колдонуп, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Өзбекстандын жаранын кармады.Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Ал Санкт-Петербург шаарынан Ошко учуп келгенде, “М.А.Ю.” аттуу КР жаранынын паспортун көрсөткөн.Кармалган киши КР жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факт КР жазык кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгү (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сотко чейинки өндүрүш иши башталды.Кыргыз Республикасынын расмий документтерин мыйзамсыз даярдоо каналына тиешеси бар кызматкерлерге тиешелүү комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты