Чек арадагы “Жыйынды пост” системасы калыбына келтирилди

  • 12 месяцев мурун

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде колдонулган “Жыйынды пост” маалымат системасы калыбына келтирилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, автоматташтырылган система 28-июлга караган түнү интернеттин өчүп калганына байланыштуу үзгүлтүккө учураган. Интернет берилгенден кийин штаттык режимде иштеп жатат.

Белгилей кетсек, “Ак-Тилек”, “Чоң-Капка”, “Чалдыбар” жана “Ак-Жол” өткөрмө бекеттеринде бир канча жүк ташыган машина Казакстандан Кыргызстанга өтө албай турганы кабарланган.

27-июлда саат 22:50дөн баштап Мамлекеттик салык кызматынын “Жыйынды пост” автоматтык маалыматтык тутумунун ишинде мүчүлүштүктөр болгондугуна байланыштуу жүк ташуучу унаалардын тыгыны пайда болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты