Чек арадагы чырда жараат алган тажик жоокери каза болду
- 2 года мурун
Тажикстандын бийлиги 12-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жараат алган 27 жаштагы тажик жоокери Зоир Сайдумаров ооруканада каза болгонун ырастады.
Маалыматка караганда, маркум чек арачынын сөөгү 13-апрель күнү түштөн кийин өзү туулуп-өскөн Хатлон облусунун Дусти районунда жерге берилди.
«Биз барып, жакындарына көңүл айтып келдик. Зоирдин атасы каза болуп калган экен. Бир туугандары Орусияда иштешет. Биз бул үй-бүлөгө жардам беребиз», — деди район башчысы Даврон Нишонзода.
Анын айтымында, Зоир Саидумаров армияга 2020-жылы жазында чакырылган. Анын аскердеги кызмат өтөө мөөнөтү дээрлик аяктап калган.
12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болгондон кийин алгач тараптар Тажикстандын «Овчи-Калача» көзөмөл өткөрүү бекетинде жолугуп, чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүүнү макулдашкан.
Эки өлкөнүн кеңири курамдагы делегациялары 13-апрелде ок атышуу болгон аймакта — Лейлек районундагы Селкана тилкесинде да жолугуп, тараптар ушундай эле келишимге келишкен.
Курал колдонулган жаңжалда Баткендин Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылына Тажикстан тараптын бир канча снаряды түшкөн.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алганын билдирди. Алардын экөө аскер кызматкери.