Чек ара жаңжалында жабыркаган офицерге миллион сом каржылык колдоо көрсөтүлдү
- 10 месяцев мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда эки көзүнөн жараат алган Элдияр Төлөновго каржылык колдоо көрсөттү.
Ал 2022-жылы Баткен окуясында жарадар болуп, алгач Түркияда, андан кийин Орусияда дарыланган.
I топтогу майыптыгы аныкталгандан кийин чек арачыга мамлекет тарабынан 1 миллион 794 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөтүлүп, Бишкектен батир берилген. Учурда ага майыптыгы боюнча төлөмдөр жана пенсия төлөнөрү кабарланды.
УКМК төрагасы Ташиев Төлөновду эл-жерин коргогон чыныгы офицер жана патриот уул деп атап, ата-энесине ыраазычылык билдирди.
Муну бөлүшүү




