Чек ара жаңжалында жабыр тарткандарды социалдык коргоо мыйзамына кол коюлду

  • 1 год мурун

Чек арада курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткандарга кошумча соцкепилдиктер белгиленет. Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 20-июлунда (№ 142) “2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты 2021-жылдын 28–30-апрелинде Баткен облусунда жана 2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен жана Ош облустарында болгон окуяларда каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга мамлекеттик колдоону камсыз кылуу болуп саналат.

Мыйзамда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана жабыр тарткан адамдар үчүн социалдык кепилдиктердин негизги жана кошумча түрлөрү белгиленет.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 28–30-апрелинде Баткен облусундагы жана 2022-жылдын 14–17-сентябрында Баткен жана Ош облустарындагы окуялардын кесепетинен курман болгон адамдардын балдарына жана ата-энелерине, ошондой эле жабыр тарткан, майыптыгы бар деп таанылган адамдарга мыйзамдарда белгиленген башка социалдык төлөмдөргө кошумча ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул каралган, анын өлчөмү министрлер кабинети тарабынан аныкталат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты