Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замир Молдошев каза болду

  • 2 года мурун

Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замир Молдошев каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

7-июнда 69 жашында Чек ара кызматынын экс-төрагасы генерал-майор Замир Молдошев дүйнөдөн кайтты. 

Молдошев 1953-жылы 25-сентябрда Кыргыз ССРдин Ош облусунун (азыркы Жалал-Абад облусу) Сузак районунун Октябрьское айылында төрөлгөн.

Аскердик карьерасын 1971-жылы Самарканддагы Жогорку аскердик танкалык училищесине тапшыруу менен баштаган. Молдошев 1986-жылы Бронетанкалык аскерликтер аскердик академиясын, 2000-жылы Орусиянын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Аскердик академиясын аяктаган.

Молдошев Замир Мурзабекович взводдун командиринен Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасына чейинки жетекчилик кызмат орундарын аркалаган.

Ал тажик-афган мамлекеттик чек арасында кызмат өтөгөн тынчтык орнотуучу батальонду түзүүчүлөрдүн бири болгон. Генерал-майор Молдошев З.М. “Центразбат” тынчтык орнотуу окууларында катышкан Борбордук-Азия батальонун калыптандыруучулардын башында турган. НАТОнун күчтөрү Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Орусиянын жана АКШнын “Центразбат” бөлүкчөлөрү менен биргеликте тарыхта биринчилерден болуп бул окууларга катышкан. 

1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынын жүрүшүндө көрсөткөн жеке эрдиги жана билгичтик менен башкаргандыгы үчүн Молдошев “Эрдик” медалы менен сыйланган.

Генерал-майор Молдошев аскердик милдетин аткарып жатып өмүрүн берген чек арачы-аскер кызматчыларынын элесин өчүрбөй сактап калуу ишине өзгөчө салым кошкон. Анын демилгеси менен Бишкек шаарында Чек арачыларды даңазалоо аллеясы түзүлүп, ал жер чек арачы-аскер кызматчыларынын ар түрдүү муундарын бириктирүүчү жерге айланды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты