Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери акча талап кылганга шектелип кармалды 

  • 4 месяца мурун

26-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Бек-Абад-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда аскер кызматкерлери чет элдиктерден системалуу түрдө акча талап кылганга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек ара заставасынын аскер кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, системалуу түрдө мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө активдүү көмөктөшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, 26-июнда акча каражаттарын кабыл алуу учурунда капитан А.О.А., ошондой эле бул коррупциялык схемага аралашкан анын айрым кол алдындагы кызматкерлери пара менен кармалды.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты