Чек ара кызматына жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы техника тапшырылды

Бүгүн, 25-мартта, УКМКнын чек ара кызматына жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине техника тапшыруу аземи болду.

Анда Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.  

«Чек араны кайтарууда зарыл болгон жаңы чек ара тозоттору, турак үйлөр, учкучсуз учуучу аппараттар, брондолгон техникалар, автоунаалар, алдыңарда тургандай, „Тигр“ үлгүсүндөгү тоо-таштардан, жолсуз жерлерден өтүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон авто унаалар жана башка курал-жарактар сатылып алынууда» деди Садыр Жапаров.

Айтылгандай, жаңы техника екеттик бюджеттин эсебинен сатылып алынууда. Өткөн жылы бул багытка бюджеттен 7,5 млрд сом бөлүнсө, быйыл чек ара коопсуздугун күчтөө үчүн азырынча 3 млрд сомго жакын каражат бөлүнүүдө.

Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар министрлигине да жаңы техника берилип жатат.

«Өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Дүйнөлүк банк менен биргеликте ишке ашырылган долбоордун негизинде 5 млн доллардан ашык акча каражатына 58 даана өрт өчүрүүчү автоунааларын сатып алдык.

Мындан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине быйыл бюджеттен 300 млн сомдон ашык акча каражатына элдин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган техника жана 2 миллиондон ашык еврого тик учак алганы турабыз» деди мамлекет башчы өз сөзүндө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты