Чек ара кызматына «Акынжы» жана «Аксүнгүр»  учкучсуз учуучу аппараттары келип түштү

  • 9 месяцев мурун

Президенттин басма сөз кызматы УКМКнын Чек ара кызматына эң заманбап «Акынжы» жана «Аксүнгүр»  учкучсуз учуучу аппараттары келип түшкөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров 28-октябрда жогорудагы техникалар келип түшкөн учкучсуз учуучу аппараттардын базасы менен таанышып чыкты.

Садыр Жапаров бул учкучсуз учуучу аппараттар республикалык бюджеттин эсебинен алгачкы ирет сатып алынганын билдирди. Бирок мамлекет башчынын басма сөз кызматы канча каражат сарпталганын тактаган жок.

Жапаров аскердик базада колдонулуучу заманбап, жогорку технологиялык учкучсуз учуучу аппараттар, күжүрмөн кызматты камсыз кылуучу техникалар жана жабдыктар мамлекетибиздин коопсуздугун камсыздоого чоң өбөлгө болорун белгиледи.

Иш-чаранын соңунда мамлекет башчысы Түркиянын жараны,  Baykar Defence компаниясынын башкы директору Байрактар Лютфю Халукту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы — «Даңк» ордени менен сыйлады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты