Чек ара кызматы: «Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын үч жаранына курал колдонушту»

  • 2 года мурун

5-майда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Актам айыл аймагынын Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлигинин чек арачылары Кыргызстандын үч жаранына курал колдонушту. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынан билдиришти.

Натыйжасында Кыргызстандын 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы туулган А.Ж., жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилип, эсине келбей, каза болушту.

Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Кыргызстандын Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү дароо Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуу өткөрүп, анда тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жолугушууну 6-майында улантууну макулдашты.

Келип чыккан окуя боюнча тиешелүү органдарга да маалымат берилип, тергөө амалдары башталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты