Чек ара кызматы: «Тажик тарап өздөрүнүн жарандарын калкан катары колдонууда»

  • 2 года мурун

Тажик тарап өздөрүнүн жарандарын калкан катары колдонууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тажик тарап оор техниканы гана эмес, чек ара аймагындагы калкты да колдонгон фактылар катталды. Тажикстандын аскер кызматкерлери жарандарын калкан катары колдонуп жатышат. 

Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн, 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча чырдан жабыркагандардын саны 31ге жетти. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты