Чек ара кызматы: «Тажик тарап ракета колдонуп жатат»

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасында оор салгылашуулар жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тажик тарап оор бронетехниканы, көп ракеталык системаларды жана авиацияны колдонууда. Жерден жана абадан жасалган бардык чабуулдарга кыргыз тараптан каршылык көрсөтүлүп, Кыргызстандын аймагын, калктуу пункттарын басып алууга мүмкүнчүлүк берилбейт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн, 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча чырдан жабыркагандардын саны 18ге жетти. Саат 13:00дө Жогорку Кеңеш чек ара чыры боюнча кезексиз жыйынга чогулат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты