Чек ара кызматы: «Тажик тарап Кыргыз өлкөсүнүн аймагын басып алууга аракет кылып жатат»

  • 2 года мурун

УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатканын билдирди.

«Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууну токтотуу аракетине карабай, тажик тарап Кыргызстандын аймакты басып алууга аракет кылууда. Чыр болгон аймакка аскердик оор техникаларды алып келип, болгон куралдарды колдонуп Кыргызстандын аймагын көздөй аткылоону улантып жатат», — деп жазылат маалыматта.

Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн, 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча чырдан жабыркагандардын саны 18ге жетти. Саат 13:00дө Жогорку Кеңеш чек ара чыры боюнча кезексиз жыйынга чогулат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты