Чек ара кызматы: «Саат 14:20да тажик тарап Чоң-Алайдагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылоону токтотту»

  • 2 года мурун

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору генерал-майор Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын УКМКнын Чек ара аскерлигинин кол башчысы генерал-полковник Раджабали Рахмонали телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
       
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында саат 14:20да тажик тарап Ош облусунун Чоң-Алай районунун Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын миномёттон жана артиллериялык түзүлүштөрдөн аткылоону токтотту.
        
УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты