Чек ара кызматы: «Кыргыз-тажик чек арасында ок атуу токтотулду»
- 2 года мурун
Кыргыз-тажик чек арасында ок атуу токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Кагылышуу учурунда УКМКнын 1 аскер кызматкери жаракат алып, аларга медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жүрөт. Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылган.
Муну бөлүшүү