Чек ара кызматы: «Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу деп мүнөздөлөт»

  • 2 года мурун

УКМКнын Чек ара кызматы 15-сентябрь саат 08:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдайт.

«Түн тынч өттү, эч кандай терс окуялар катталган жок. Мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, түн ичинде Тараптар туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күч жана каражаттарды алып чыгууну аякташты. Күч түзүмдөрүнүн тарамдары чек ара аймактарында биргелешкен күзөт-кайгуул иштерин жүргүзүштү. Тараптардын чек ара заставалары чек аранын чыр-чатактар орун алган такталбаган тилкелеринде жайгаштырылбаган. УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды улантууда», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты