Чек ара кызматы: «Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу бойдон сакталып турат»

  • 2 года мурун

Бүгүн, 16-сентябрь саат 09:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
        
Маалыматка ылайык, “Кызыл-Бел-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилеринин жолугушуусу пландалууда. Жолугушууга тараптардын чек ара өкүлдөрү катышат. «УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын белгилейт. Тажик тарап танктарды, БТР, БМП жана минометторду колдонууда. УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан өздүк курамы ок атышууну улантууда.

Кыргызстандын чек арачылары тажик тараптын куралдуу агрессиясына жооп кылып, душманды ок атышууну токтотууга мажбурлоо үчүн колдо болгон бардык техникаларды жана куралдарды колдонуу менен адекваттуу чараларды көрүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты