Чек ара кызматы: «Кыргыз-тажик чек ара аймактарында кырдаал туруктуу»
- 1 год мурун
Кыргыз-тажик чек ара аймактарында кырдаал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда болгон чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында тараптардын чек ара өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик башчыларынын ортосунда бир нече жолугушуулар өткөрүлдү.
Бүгүн, 25-июлда саат 9:00дө Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун укук коргоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын башталды.
Муну бөлүшүү