Чек ара кызматы кыргыз-казак өткөрүү жайларында жүк ташуучу унаалардын топтолуусу боюнча түшүндүрмө берди

  • 11 месяцев мурун

15-сентябрында “Ак-Тилек-автожол” (Кыргыз Республикасы) жана “Карасуу-автожол” (Казакстан Республикасы) өткөрүү жайларында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталгандыгы тууралуу Чек ара кызматы түшүндүрмө берди.

Саат 16.00го карата “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынын маңдайында Кыргызстандан чыгууга кезекте 140 автоунаа турган.

Казакстан тараптан Кыргызстанга кирүүгө 40 автоунаа кезек күтүүдө.

«Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолуусу күз мезгилинде жүк ташуунун агымы көбөйгөндүгүгө байланыштуу болууда, айрыкча, айыл чарба азык-түлүгүнүн Кыргызстандан башка өлкөлөргө экспорттолушу себеп болот. Транспорт каражаттарынын топтолуусу циклдик мүнөзгө ээ. Белгилей кетсек, кыргыз тараптан дагы, казак тараптан дагы эч кандай чектөөлөр жок», — деп жазылат маалыматта.

Эки мамлекеттин өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барышууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты