Чек ара кызматы Казакстан менен өткөрмө бекеттердин биринин иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертти
- 8 месяцев мурун
УКМКнын Чек ара кызматы «Ак-Тилек-автожол» көзөмөл өткөрүү жайында адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүдө убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн экендигин эскертти. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үзгүлтүктөр 6-мартта саат 9:00дөн 14:00гө чейин болушу ыктымал. Бул «Кыргызтелеком» ААК байланыш тармактарында оңдоо-калыбына келтирүү боюнча профилактикалык жумуштарды өткөрөөрүнө байланыштуу.
Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан башка чек ара өтмөктөрү штаттык режимде иштейт.
Эскерте кетсек, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде төмөнкү көзөмөл өткөрүү жайлары жайгашкан:
— Чүй облусунда:
— «Токмок-автожол», «Кен-Булуң-автожол», «Ак-Тилек-автожол», «Чалдыбар-автожол»;
— Талас облусунда:
«Чоң-Капка-автожол».
УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандардан жол жүрүү багытын жана убактыларын алдын ала пландаштырып алууларын суранат.