Чек ара кырдаалы авторитардык вектордун Кыргызстан үчүн кооптуулугун көрсөттү. Медиа Полиси Институтунун билдирүүсү

Медиа Полиси Институту Президент Садыр Жапаровдун 20-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын Нью-Йорктогу 77-сессиясында чек ара боюнча сүйлөгөн сөзү боюнча билдирүү жасады.   

Анда Президент Жапаровдун Тажикстанды Кыргызстанга карата аракеттерин “эч кандай себепсиз куралдуу агрессия” деп атаганы жана Тажикстан мындай аракеттерди эки өлкөнүн ортосунда түзүлүп, сакталууга тийиш болгон эл аралык келишимдерге жана милдеттенмелерге карабастан жасагандыгына өзгөчө көңүл бурганы белгиленди.

Медиа Полиси Институту ошону менен бирге Эмомали Рахмондун режими Тажикстанда өзүнүн монолиттүү авторитардык бийлигин 28 жыл бою түптөп келгендигин, бул режим альтернативалык добуштарды улам-улам куугунтуктап, бийликти сындагандарды жана оппоненттерин түрмөгө отургузуп, өлкөдөгү социалдык-экономикалык теңсиздикке, коррупцияга жана непотизмге карата нааразычылыктын бардык белгилерин күч менен басып келатканын кошумчалады.

“Дээрлик 30 жылдан бери Тажикстандагы журналисттер коркутуп-үркүтүүлөрдөн жана кол салуулардан улам бийликтин жогорку бутактарындагы коррупция же адам укуктарын одоно бузуу жөнүндө тыюу салынган темалардан алыс болуп, чындыкты айтуудан карманып келишет”.  деди Медиа Полиси Институту.  

Ал эми Кыргызстанда дагы кийинки кездерде жарандардын укуктары жана эркиндиктеги жаатындагы кырдаал начар жагына өзгөрө баштаганы да белгиленди.   

“Ондогон жылдар бою эл аралык рейтингдер Кыргызстанды саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер жаатында жарым-жартылай эркин өлкө катары таанып келишкен. Бирок, акыркы жылдары жарандардын укуктары жана эркиндиктери жаатындагы кырдаал өтө начар жагына өзгөрө баштады: кандайдыр бир мыйзамдуу негиздерсиз журналисттерге жана активисттерге каршы кылмыш иштери козголуп жатат; мыйзамдарды бузуу менен ЖМКнын эркиндигине жана сөз эркиндигине өзүм билемдик менен кийлигишүүгө мүмкүндүк берген жаңы мыйзамдар кабыл алынууда; президент жана бийликтин башында турган аткаминерлер журналисттерге жөнү жок асылып, жаманатты кылып, коомго алар тууралуу терс пикирди таңуулап жатышат” деди Медиа Полиси Инситуту.   

“Мына ушуларды баамдай келсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын Нью-Йорктогу 77-сессиясында сүйлөгөн сөзү үмүт берүүдө. Чек арада түзүлгөн кырдаал өлкөнү башкарууда авторитардык векторду тандап алуу Кыргызстан үчүн канчалык кооптуу экендигин көрсөткөндөй болду, себеби мындай жолдун ыктымал кесепеттери – сөз эркиндиги жана жарандык демилге жок аңгыраган бош талаа, буларсыз мамлекет тышкы коркунучтар менен өз алдынча күрөшө албайт” деп айтылат билдирүүдө.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты