Чек ара кайтарган аскер кызматкерлерин сыйлоо максатында 30 млн сом бөлүндү

Президенти Садыр Жапаров 12-октябрда Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгы жайгашкан 2024-аскер бөлүгүнүн жаңыланган аскердик комплексин ачуу иш-чарасына катышуу учуруна чек араны кайтарган аскер кызматкерлерине 30 млн сом бөлүнгөнүн билдирди.

Бул тууралуу президенттин расмий сайиында маалымдалды.

Садыр Жапаров ушу тапта өлкөбүздүн мамлекеттик чек арасы инженердик-техникалык жактан бекемделип, анын ичинде кыргыз-тажик чек ара тилкеси атайын зым тосмолор менен тосулганын өзгөчө белгиледи.

Ал бул иштерди уюштуруп, жүзөгө ашырууга өзгөчө салым кошуп келген Мамлекеттик чек ара кызматынын, Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана башка тиешелүү күч түзүмдөрүнүн өздүк курамына терең ыраазычылык билдирди.

“Мамлекеттик чек араны кайтарып, Мекен үчүн өтө жооптуу милдетти татыктуу аткарып келе жаткан ар бир аскер кызматчысынын эмгегин жогору баалап, аларды колдоо жана сыйлоо максатында 30 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүп бердим. Бөлүнгөн каражат ар бир аскер кызматчысына тиешелүү тартипте толук жана адилеттүү жеткирилсин” деп белгиледи мамлекет башчы.

Президент мамлекет аскер кызматчыларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, заманбап технологияларды кеңири колдонуу аркылуу чек арабызды көздүн карегиндей кайтаруунун натыйжалуулугун мындан ары да арттырарын кошумчалады.

Андан соң аскердик комплекстин спорт залын, чек аралык даңк музейин жана спорт шаарчасын көрүп чыкты. Ошондой эле коменданттык ротаны жана жатакананы кыдырып, аскер бөлүгүнүн ашканасында аскер кызматчылары менен бирге тамактанды. Анда Садыр Жапаровго жуманын ар бир күнүнө карата түзүлгөн тамак-аш рационунун үлгүлөрү көрсөтүлдү.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты