Чехиядагы президенттик шайлоодо Петр Павел жеңип чыкты  

  • 1 год мурун

Чехиядагы президенттик шайлоонун экинчи турунда НАТОнун аскер комитетинин мурдагы төрагасы Петр Павел жеңип чыкты. Шайлоо протоколунун 90 %ы эсептелгенден кийин Петр Павел 57% добуш алды.      

Бул тууралуу EFE агенттигине шилтеме кылып Интерфакс билдирди.

Чехиянын жаңы президенти өлкөнүн саясатын алдын-ала айтууга боло турган жана Батыш өлкөлөрү менен байланышты чыңдоого убада берген.

Петр Павелдин атаандашы мурдагы премьер-министр Андрей Бабиш 42% добуш алды.

Шайлоого шайлоочулардын 70 %ы катышты.

Шайлоонун биринчи турунда тиешелүү добуш ала албай калышкан.  

Сүрөт: DW    

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты