«Чек арасыз кабарчылар» уюму журналисттерди артынан аңдууну айыптады
- 2 года мурун
Эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» уюму (RSF) Кыргызстандагы «Политклиника» жана «Апрель» медиаларынын журналисттерине жасалып жаткан аңдууну айыптап, Ички иштер министрлигинен (ИИМ) түшүндүрмө талап кылды. Бул билдирүүнү аталган уюм өзүнүн Телеграм баракчасына жарыялады.
«ПолитКлиника» жана «Апрель» ЖМКларында иштеген журналисттер хакердик чабуулдарга кабылып, жеке маалыматтары өзүн милиция кызматкери катары көрсөткөн адамдар тарабынан чогултулууда. «Чек арасыз кабарчылар» (RSF) бул аңдууну айыптап, Ички иштер министрлигинен түшүндүрмө талап кылууда»,- деп жазылган билдирүүдө.
«Чек арасыз кабарчылар» уюму — эл аралык бейөкмөт уюм болуп саналат. Уюмдун негизги максаты — өз ишин аткарып жатканы үчүн камалган же куугунтукталган журналисттерди жана медиа тармагындагы кызматкерлерди коргоо, ошондой эле көптөгөн өлкөлөрдө аларга карата жасалып жаткан кордоо жана кыйноо учурларын чагылдыруу. Уюм цензурага жана басма сөздүн эркиндигин чектеген мыйзамдарга каршы күрөшөт.
Эске салсак, мындан бир нече күн мурун өздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырган белгисиз адамдар “ПолитКлиника” медиасынын журналисттери тууралуу маалымат чогултушкан.
Алар “ПолитКлиника” медиасынын жооптуу редактору Ырысбү Кылычбек кызы жакын туугандарына жана журналисти Адахан Аманатовдун окуп кеткен мектебине барып, УКМКнын кызматкерибиз деп тааныштырган белгисиз адамдар жеке маалыматтарын сураштырышкан.
Сүрөт: интернет булактары




