Чаткалда октон жаракат алган жаран ооруканага түштү, кылмышка шектүү кармалды

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун 38 жаштагы Ж.С.К аттуу тургуну октон жараат алып оор абалда ооруканага түштү. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуя 7-июлда 14.30дар чамасында болгон. Ага бир канча жолу ок чыгарган 30 жаштагы С.Ж.С аттуу жаран кармалып, милициянын тергөө абагына киргизилди. Учурда бул фактыны тергеп-иликтөө жүрүп жатат.

Айрым маалыматтарга караганда, жараат алган жана ок чыгарган адам дагы уюшкан кылмыш тобуна тиешеси болгон. Бул маалыматты милиция азырынча ырастай элек. 

ИИМдин маалыматына ылайык, ушул тушта 1200дөй адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттоосунда турат. Алар кримтөбөлдөр Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмаз Бокушевдин тобуна киргендер. Былтыр мындай топтордун 153 мүчөсү кармалган жана алардын 17синин криминалдык чөйрөдө өзгөчө макамы болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты