Чаткалда кар күрткүдөн улам тогуз жаран станцияда түнөштү

  • 5 месяцев мурун

Кар күрткүдө калган жаранжар «Чапчыма» станциясына жайгаштырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка автоунаа жолунун болжол менен 79-80 чакырым аралыгында кар күрткү пайда болуп, Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү 2 унаа (болжол менен 20 жүргүнчүсү менен) жана 1 жеңил унаа жолдо калып калгандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жалпы 21 жаран үчүн ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынынын «Чапчыма» кар көчкү станциясында 2 бөлмө даярдалып, тамак-аш менен камсыздалып, жайгаштырылган. Абалдары туруктуу. Учурда станцияда 9 жаран түнөп калышты. Калган 12 жаран жолун улантышкан.

Ал эми унаа жолго кар көчкү түшүү кооптуулугу болгондугуна байланыштуу Чаткал РМАнын башчысы-акимдин 16-февралдагы буйругунун негизинде, аба ырайы турукташканга чейин саат 09:30дан тартып жол каттамы толук жабылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты