Чаткалда кар көчкү түшүп, кар астында калган жеңил унаалар чыгарылды

  • 2 года мурун

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-январда саат 22:27 чамасында Ала-Бука — Жаңы- Базар — Кировка унаа жолунун 99-100-чакырымында 700 куб метр, 96-чакырымында 250 куб метр жана 91-92-чакырымында 550 куб метр кар көчкү түшүп, каттам эки тараптуу жабылган.

Чаткалда кар көчкү түшүп, кар астында калган жеңил унаалар чыгарылды
Чаткалда кар көчкү түшүп, кар астында калган жеңил унаалар чыгарылды

Кар көчкүнү тазалоо үчүн жерине 1 жүктөгүч, 3 грейдер, 1 манипулятор унаасы тартылып, саат 03:10до жол толук тазаланган. Ошондой эле жолдо калган 4 жеңил унаа чыгарылган. Белгилүү болгондой, жабыркагандар жок.

Ошондой эле 3-январь күнү саат 23:30 чамасында Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 4-чакырымында кар көчкү түшкөн, аны тазалоого 1 жүктөгүч, 1 манипулятор тартылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты