ChatGPT’нин баш айланткан мүмкүнчүлүктөрү 

Жасалма интеллект соңку мезгилде чоң технологиялык секирик жасады. Ал көпчүлүктүн күнүмдүк жашоосунун  айрылгыс бир бөлүгүнө айланганы талашсыз. Азыркы учурда популярдуу болуп жаткан ChatGPT деген эмне, аны кантип колдонуу керек жана анын кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ экени тууралуу айтып беребиз.

ChatGPT — адамдар менен табигый тилде диалог куруп,компьютердик коддорду түзүп, ар кандай темада анализ жасап, студенттик эсселерди, керек болсо ыр, сценарийге чейин жазып бере алган чат-бот.

ChatGPT 2022-жылы ноябрь айында колдонууга берилген. Чыккан күндөн тартып дүйнө жүзү боюнча тездик менен популярдуулукка ээ болду.Чыгарылгандан кийин 5 күндө 1 млн, 2 айдын ичинде болсо 100 млн колдонуучу топтоду. Салыштыра келсек Instagram үчүн 100 млн колдонуучу топтоого 2,5 жыл, TikTok’ко 9,5 ай керектелген. UBS финансылык компания ChatGPT тарыхтагы эң тез өнүккөн тиркеме деп атады.

ChatGPT’нин баш айланткан мүмкүнчүлүктөрү 

ChatGPT азыркы учурда кеминде 95 тилде жеткиликтүү. Тилекке каршы, ал кыргыз тилинде саналуу гана суроолорго жооп бере алат.

ChatGPT’нин баш айланткан мүмкүнчүлүктөрү 

2023-жылдын январь айында ChatGPT АКШнын дарыгер болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк берген United States Medical Licensing Examination (USMLE) экзаменин ийгиликтүү тапшырды. Аталган экзамен дүйнөдөгү эң кыйын экзамендердин бири болуп саналат. Ага даярданууга орточо эсеп менен 300, 400 саат керектелет.

ChatGPT’нин баш айланткан мүмкүнчүлүктөрү 

Орус мамлекеттик университетинин студенти Александр Жадан ChatGPT менен дипломдук ишин жазууга 23 саат кеткенин өзүнүн Twitter’деги баракчасына жазып чыкты.

ChatGPT’нин баш айланткан мүмкүнчүлүктөрү 

Ошондой эле чат-бот Пенсильвания университетинин экономика факультетинен магистр даражасын ала алды.

ChatGPT эмне кыла алат?

Бардык суроолорго жооп берет

Чат-бот сиздин кандай гана сурооңуз болбосун жооп табат.  Ал жөн гана жооп бербестен оңой, түшүнүктүү, сурооңузду анализ кылып структурасына карап жооп берет.

Ойлоп табуучу

Андан ыр, жомок ойлоп табууну сурасаңыз болот. “Эгерде мындай болсо эмне болмок деп?” суроо узатсаңыз ал ага дагы жооп ойлоп тапканга аракет кылат. Мисалы, биз ага “Кыргызстан эгемендик албаганда эмне болмок?” деп суроо узатып көрдүк.

ChatGPT’нин баш айланткан мүмкүнчүлүктөрү 

ChatGPT кыргыз тилин билбегендиктен, суроону англис тилинде берип, дагы бир жасалма интеллект болгон Google translate тиркемесинен котордук.

Котормочу

Текстти бир тилден экинчи тилге которуп берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Которуп гана койбостон, түшүнүктүү болушу үчүн мисалдарды дагы келтирет. 

Компьютердик код жаза алат

Ал жөнөкөй коддорду жазат жана анын катачылыктарын таба алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ. Учурда Java script, Python жана Java программалоо тилдерин билери айтылууда.

Боорукерликке жана толеранттуулука үндөйт

Эгерде сиз андан кандайдыр бир кылмыш кантип кылынарын сурансаңыз же жаман окуя тууралуу айтсаңыз, ал ага каршы чыгып, мунун эмнеге алып келерин түшүндүргөнгө аракет кылат.

ChatGPT так илимдерди жакшы өздөштүргөн

Бул чат-бот так илимдерди жакшы өздөштүргөн мисалга алсак, математика, физика, химияга тиешелүү маселелерди чыгара алат. Гуманитардык тармакка келгенде маселе жаралышы мүмкүн. Себеби, ChatGPT англис тилинде түзүлгөндүктөн англис тилинен башка тилге келгенде жакшы жооп бере албайт. Эгер сиз англис тилин билсеңиз, анда сиз үчүн бул чат-ботту колдонуу абдан ыңгайлуу.

ChatGPT’нин баш айланткан мүмкүнчүлүктөрү 

Билим берүүгө тийгизген таасири 

ChatGPTтын  жетишкендиктери билим берүү жаатында маселе жаратты. Нейросеттин кызматтарын студенттер жана окуучулар үй-тапшырмалары үчүн колдонуп жаткандыгынан улам АКШнын Нью-Йорк жана Сиэтл шаарларында мектеп окуучуларына чат-ботту колдонууга тыюу салганын ачык маалымат булактарында айтылат.

Окутуучулар тапшырманы нейросеть аткарганын же окуучунун өзү аткарганын билүү мүмкүн эмес экендигин айтышууда. Себеби, чат-бот дайым бир эле суроого түрдүү жооп берет, ошол эле учурда анын жооптору туура болуп саналат.

ChatGPT’ни ойлоп тапкан OpenAI компаниясын башкы директору аны мектептерде тыюу салбай, мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп калуу керек деп эсептейт.

“Мен окутуучулардын ChatGPT тынчсызданганын түшүнөм. Бирок калькуляторго көнүп, математика башка нерселерди текшерип баштагандай бул чат-ботка дагы  көнөбүз. Албетте, бул калькуляторго караганда  татаалыраак, анын өз пайдасын сөзсүз берерине ишенем”, — деген OpenAI компаниясын директору Сэм Альтман.

Чат-боттун кемчиликтери

Эгерде сиздин сурооңуз татаал же аз көлөмдө болсо, нейросеть сиз күткөндөй жооп бербеши мүмкүн.

Сандар жана жылдар боюнча айрым учурларда туура эмес жооп бериши мүмкүн. Ошондуктан мындай суроолордун жоопторун башка булактардан дагы текшерип көрүү сунушталат.

ChatGPT атаандашы пайда болду

ChatGPT’нин баш айланткан мүмкүнчүлүктөрү 

Технологиялык гигант Google колдонуучуларына Bard деп аталган чат-ботун ишке берди. Ал азыр АКШ менен Улуу Британияда гана иштейт. Аны 18 жаштан жогорку курактагылар гана колдоно алат. Мындай чектөө окуучулар үй тапшырмасын аткарууга ботторду пайдаланбашы үчүн киргизилген. Бул чат-бот ChatGPT’ге караганда интернеттен жаңы маалыматтарды алып тура алат. Ал эми ChatGPT’тин маалымат базасы 2021-жыл менен чектелген. Bard маалымат базасын улам жаңылап турууга жөндөмдүү экенин билдиришти. Али эми ChatGPT, мисалы, Украинадагы  согуш жөнүндө суроолорго жооп бере албайт.   

Даярдаган: Таалайбек кызы Айзат

Сүрөт: Интернет булактарынан  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты