Чарлз III Улуу Британиянын жаңы падышасы деп жарыяланды

  • 2 года мурун

Чарлз III Улуу Британиянын жаңы падышасы болгонун Мураскерлер кеңеши расмий жарыялады. Жаңы падышаны тактыга отургузуу жөрөлгөсү бүгүн, 10-сентябрда Лондондогу Сент-Жеймс сарайында өттү.

Чарлз IIIтү такка отургузуп, монарх деп жарыялоо жөрөлгөсүнүн алып баруучусунан башка бардык катышуучулар ыраматылык ханышанын урматына кара же кочкул кызыл кийиништи.

Көрүүчүлөрдүн алдыңкы сабында Улуу Британиянын мурдагы премьер-министрлери – Жон Мейжор, Гордон Браун, Борис Жонсон, Дэвид Кэмерон, Тереза Мэй жана Тони Блэр болушту. Британ оппозициясынын лидери, лейбористтик партиянын башчысы Кир Стармер да болду.

73 жаштагы Чарлз III Улуу Британиянын тарыхында башкаруунун башына келген учурдагы эң кары монарх болуп калды. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты