Үч жашар кыздын өлүмү: Соттук отурумда чыр-чатак чыкты

  • 1 неделя мурун

Кечээ, 24-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда тиш дарылоо учурунда каза тапкан үч жашар кыздын өлүмү боюнча алдын-ала угуу башталды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдын ала угуу аяктаган соң, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлдөрү жана тарапташтары чыр-чатак чыгарып, соттун эмеректеринин талкалашып, айыпталуучулар менен жактоочулар жаракат алышкан.

Бул факт боюнча Октябрь райондук соту, жабыркаган айыпкерлер жана башка тартаптар тиешелүү органга кайрылышты.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту бул чагымчыл жагдайды сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууга басым жасоо катары баалайт жана мындай жагдайларга жол берилбестигин эскертти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты