Үч жашар Алиянын өлүмү: кыздын жакындарын милиция кармап кетти

  • 2 месяца мурун

1-мартта Бишкек шаарында тиш доктурда каза тапкан үч жаштагы Алия Кубанычбекованын жакындары Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кабыл алуусун талап кылып чогулду. Алиянын чогулган 60ка жакын тууганын милиция кызматкерлери кармап кеткенин «МедиаХаб» жазып чыкты.

Кыздын туугандары дарыгерге коюлган беренени алмаштырууну талап кылышууда.

Милиция бул жагдай боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин, үч жаштагы Алия Кубанычбекованын өлүмүнөн кийин камакка алынган анестезиолог үй камагына чыгарылган.

Дарыгердин бөгөт чарасы 31-январда каралды. Маалыматка ылайык, сот шектүүнүн туруктуу жашаган жери бар экенин, ага коюлуп жаткан айыптын өтө оор эмес категорияга киргенин эске алып, аны үй камагына чыгарган.

Алия Кубанычбекова 18-декабрда Бишкектеги жеке клиникалардын биринде тишине жасалган алты сааттык операциядан кийин чарчап калганы маалым болгон.

Апасы Айгүл Исакованын айтымында, кыздын тиши ооруп, ириңдеп жаткандыктан, аны дарылатуу үчүн ата-энеси Бишкектеги Dentamax жеке клиникасына кайрылып, дарыгерлер операция керек экенин билдирген. Операция аталган клиникада эмес, Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун анестезиология жана реанимация бөлүмүнүндө жасалган. Дарыгерлер муну ал жерде жакшы шарт түзүлгөнү менен байланыштырышкан.

Атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барганын, ага “Севоран” дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкенин, бирок ага ийне сайышканын, наристе ошол бойдон ойгонбой калганын айткан.

Кыздын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси менен иш козголуп, анестезиолог камакка алынган.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Алиянын өлүмүнөн кийин Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борбордун директору, бөлүм башчысы, анестезиолог жана тиш доктур кызматтан бошотулганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты