Үч округдагы шайлоо: Марипов, Салымбеков, Тыналиев алдыга чыкты

  • 2 месяца мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы чыкты.

Ага ылайык, №5 Ноокат округунан талапкер Бакытбек Марипов 11 523 (44.99%) шайлоочунун добушун алып, алдыга чыкты. Бул шайлоо округу боюнча 91 миң 57 шайлоочунун 25 611 (28.13%) добуш берди. Бул округ боюнча дагы эки шайлоо тилкесинин жыйынтыгы келе элек.

№29 Свердлов округунан Жумабек Салымбеков 10 611 (64.61%) шайлоочунун добушуна ээ болуп, алдыга озду. Бул шайлоо округу боюнча 122 975 шайлоочунун 16 424ү (13.36%) добуш берди.

№36 Ысык-Көл округунан талапкер Айжигит Тыналиев 3498 (16.04%) добуш алып, атаандаштарын артка калтырды. Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 97 331 шайлоочунун 21 807си (22.40%) добуш берди.

30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү. Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышты, алардын экөө аялдар.

Сүрөттө: Бакытбек Марипов, Жумабек Салымбеков, Айжигит Тыналиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты