Үч округ боюнча орун-жайдан тышкары 606 шайлоочу добуш берди

  • 3 месяца мурун

Үч округ боюнча орун-жайдан тышкары 606 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүндүгүн түзүп берүү өтүнүчү менен 687 шайллочудан арыз түшкөн: №2 Баткен шайлоо округу боюнча – 31,№7 Ош шайлоо округу боюнча — 488, №9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча – 168.

№2 Баткен шайлоо округунда – 29 (93,55 %) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу — 14;
  • майыптыгы барлар — 8;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу – 7.

Добуш берүүгө катышкан жок — 2 шайлоочу;

№7 Ош шайлоо округунда – 419 (85,86 %) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу — 159;
  • майыптыгы барлар — 166;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу –88;
  • башка категорияларга киргендер – 6;

Добуш берүүгө катышкан жок — 69 шайлоочу.

№9 Кара-Суу шайлоо округунда – 158 (94,05 %) шайлоочу добуш берди, алардын ичинен:

  • улгайгандыгына байланыштуу — 69;
  • майыптыгы барлар — 38;
  • ооруп жаткандыгына байланыштуу – 51.

Добуш берүүгө катышкан жок — 10 шайлоочу.

Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу шайлоочулар добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албагандыктан алар добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүүгө укуктуу.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты