Үчүнчү эл аралык “Тайган Фест” этнофестивалы ачылды

  • 1 год мурун

27-июнда “Бурана” археологиялык-архитектуралык комплексинин аймагында үчүнчү «Taigan Fest» эл аралык этнофестивалынын ачылышы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Үчүнчү жолу өтүп жаткан этнофестиваль Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти, Чүй облусунун Чүй районунун мамлекеттик администрациясы, “Жаштарды узантуу ресурстары” коомдук фонду, “Кыргыз тайганы клубу” коомдук бирикмеси жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги биргеликте уюштуруп өткөрдү.

Улуттук мурастын элементтерин сактоо, туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, жаңы туристтик продукцияларды жана маршруттарды түзүү максатын көздөгөн иш чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова катышты.

Салтанаттуу ачылыш учурунуда Айнура Аскарова иш- чарынын маанилүүлүгүнө токтолуп, улуттук мурастын элементи катары аңчылык иттердин тукумун сактап калуу зарылдыгын белгилеп, учурда тайганды эл аралык деңгээлде таанытуу максатында “Тайган таптоо билимдери жана көндүмдөрү” номинациясын ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук комиссиясы менен биргеликте ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдик тизмесине илгерилетүү тууралуу иш аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, «Тайган Фест» этнофестивалынын алкагында көргөзмөлөр, жарманкелер, аукциондор, улуттук оюндар, таяк тартыш, тайган жарыш жана концерттик программалар өткөрүлдү.

Ошондой эле “Тайган чубатуу” кинологиялык көргөзмөсү уюштурулуп, анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты