Үч кызы менен сел агызып кеткен келин Орусияда иштеп, той өткөрүү үчүн Ошко келген

  • 2 месяца мурун

Ошто 14-июлда селде кыздары менен агып кеткен 44 жаштагы келин бир топ жылдан бери үй-бүлөсү менен Орусияда миграцияда жүрүп, чоң кызын турмушка узатуу үчүн жакында Кыргызстанга келген. Бул тууралуу маркумду тааныгандар «Азаттыктын» кабарчысына айтып беришти.

Алардын сөзүнө караганда, келиндин төрт баласы бар. Күйөөсү менен кенже уулу аман калып, аялды үч кызы менен сел агызып кеткен.

Анын сөөгү 15-июлда Ак-Буура дарыясынан — Өзбекстанга жакын жерден табылды. Бир күн мурун 6 жашар кызынын сөөгү Өзбекстандын Анжиян облусунан, Шахрихансай деген каналдан чыккан. Анын сөөгү Ошто дүйшөмбү күнү жерге берилди.

14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кеткени кабарланган.

Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен. Шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Буга чейин Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратып, 11-17-июль күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертип келатат.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел болуп, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар.

Сүрөт: Ош мэриясынын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты