“Үч кошунанын үйүнө уурулукка кирген”. Сулайман-Тоодо өз жанын кыюуга аракет кылган аялдын күйөөсү үн катты

24-июнь күнү Өгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Сулайман-Тоодон өз жанын кыюуну көздөгөн 27 жаштагы аял киши куткарылганын билдиришкен. Ал 27 жаштагы Төлөйкөн айылынын тургуну Айгерим Эмилбек кызы  экендиги аныкталган. Бул окуядан көп өтпөй эле аталган Айгерим Эмилбек кызы Ошто маалымат жыйын өткөрүп, эмне үчүн мындай кадамга барган себебин түшүндүргөн. 

Өз жанын кыюуга аракет кылган келин маалымат жыйында эмнелерди айтты?

Ошондой эле келин буга чейин 3 жолу өз жанын кыюуга аракет кылганын, себеби  ал үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жүргөнүн айтты. Айгерим Эмилбек кызы буга чейин 3 жолу суицидге барганын билдирди. Ал ажырашам дегенде жолдошу мындан ары балдарды көрбөй турганын айткан. Анын айтымында, азыркы учурда жолдошу 4 баласын көрүүгө уруксат бербей жатат.

“ПолитКлиника” медиасы анын жолдошу Бекзат Раматиллаевка байланышты. Ал келинчеги кошунасынын 1 миллион сомго бааланган буюмун уурдап, кылмышка шектелип, соттук иш уланып жатканын билдирди.

— Жубайыңыз маалымат жыйын өткөрүп, сизди балдар менен жолуктурбай жатканыңызды айтты. Ал балдарды канча убакыттан бери көрө элек?

— Анын “балдары көрө элекмин” деп айтканы жалган. Көрүп эле жатат. Ооба, үйгө алып келе албайт. Анткени 3 кошунанын үйүнө уурулукка кирген. Балдар бакчасына, мектепке барып балдарыбызды көрүп эле жатат. Бул боюнча бала бакчада иштегендер айтышты. Ал мага балдарды көрөйүн деп бир да жолу чалган жок. Ага козголгон кылмыш иштерин жабуу максатында мага акча сурап бир жолу жумушума келген. “Мага сиз акча берип ошол ишти бүтүрүп алсам, сотко барганда балдардан баш тартам деп жазып берем” деп айткан. Мен шок болуп, андан «Ошондо сен балдарды сатып жатасыңбы?» деп сурап, андан түңүлдүм. 

— Сиз тараптан зомбулуктар болгонун дагы айтты…

— Өзүнүн жүзүнөн деле көрсөңүздөр, кыйналган аял ошондой болобу? “Зомбулук көргөм” деп айтканы жалган. Мен ага бир да жолу кол көтөргөн эмесмин. 

— Анда ал эмне үчүн ушундай кадамга барып жатат?

— Ал ошол козголгон кылмыш иштерин жабыш керек болуп жатат. Ал мага “жардам бербесеңиз шантаж кылам” деп ачык эле айткан. Мен ал менен ушунча жашап, мынчалык эки жүздүү экенин билген эмес экем. Үйдөн буюмдар, менин чөнтөгүмдөн акчалар жоголгон учурлар болгон. Отуруштарга барып калсак бирөөнүн капчыгын алып коймой адаты бар эле. Мен ага көп жолу эскертип, ата-энесине дагы уят болуп жатам деп айткам. Бирөөнүн үйүн өрттөп жиберген. Ал киши оорукчан болуп калды. 

— Суицидге эмнеге барды деп ойлойсуз?

— Ал буга чейин 4 жолу өзүнүн өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Бул 5-жолку суициди. Бирөөнүкүнө барып бир нерсе жоголгондо адатыңды ташта десем эле жип көтөрүп чуркап, дары ичип коркутчу.

— Канча жыл чогуу жашагансыздар?

— 2022-жылы 13-февраль күнү аны милиция кызматкерлери кармап кеткен. Ошол боюнча чогуу жашабайбыз. Расмий түрдө ажырашуу боюнча апрель айында доо арыз менен апрель айында кайрылгам. 27-июнда Жалал-Абад шаардык сот тарабынан расмий ажыраштык.

— Учурда балдарыңыздын абалы кандай? 

— Балдарымдын абалы жакшы. Алар апасын эстеп деле койбойт. Кошуналардын балдары менен ойноп кызым ыйлап келди. Алар уурунун кызы менен ойнобогула деп айтышат экен. Жаш балдарды тыя албайт экенсиң. Азыр баары жакшы.

Бекзат Раматиллаев төмөндөгү документтерди берди.

“Үч кошунанын үйүнө уурулукка кирген”. Сулайман-Тоодо өз жанын кыюуга аракет кылган аялдын күйөөсү үн катты
“Үч кошунанын үйүнө уурулукка кирген”. Сулайман-Тоодо өз жанын кыюуга аракет кылган аялдын күйөөсү үн катты
“Үч кошунанын үйүнө уурулукка кирген”. Сулайман-Тоодо өз жанын кыюуга аракет кылган аялдын күйөөсү үн катты
“Үч кошунанын үйүнө уурулукка кирген”. Сулайман-Тоодо өз жанын кыюуга аракет кылган аялдын күйөөсү үн катты
“Үч кошунанын үйүнө уурулукка кирген”. Сулайман-Тоодо өз жанын кыюуга аракет кылган аялдын күйөөсү үн катты
“Үч кошунанын үйүнө уурулукка кирген”. Сулайман-Тоодо өз жанын кыюуга аракет кылган аялдын күйөөсү үн катты
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты