Үч күндүн ичинде 80 миң «Тулпар» жол картасы сатылып алынды

  • 11 месяцев мурун

Бишкектиктер муниципалдык коомдук транспортто жол кирени накталай эмес төлөмгө өткөрүүнүн алгачкы үч күнүндө 80 миң «Тулпар» жол картасын сатып алышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ”Тулпар” аркылуу 20-августтан 22-августка чейин автобустар менен троллейбустарда 91 миң жол кире төлөнгөн. Учурда стандарттык карталарга суроо-талап көп экени, мэрия аларды коомдук транспортто сатууну уланта турганы белгиленген.

Белгилей кетсек, жүргүнчүлөр жол кире акысын төмөнкү карталар менен дагы төлөй алышат:

— VISA жана «Элкарттын» контактсыз карталары;
— «Тулпар», Mbank, Megapay, Balance, «O!Деньги» мобилдик тиркемелерирнде QR-сканирлөө аркылуу;
— NFC`тин виртуалдык карталары менен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты