Чүйдө жеке турак жай толугу менен күйүп кетти

  • 2 года мурун

Чүйдө жеке турак жай толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы Ленин көчөсүндө жеке турак жай күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт саат 2:31де чектөөгө алып, саат 4:22де толугу менен өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен 90 чарчы метр турак жай толугу менен күйүп кетти. Учурда өрт кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты