Чүйдө жашы жете элек кызга нике кыйганды үчүн айылдын имамы кармалды

  • 12 месяцев мурун

Жашы жете элек кызга нике кыйганды үчүн айылдын имамы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Аламүдүн районунун Васильевка айылынын имамы 1960-жылы туулган Э.Р. жашы жете элек кыз 2005-жылы туулган Б.М. менен 1995-жылы туулган Ш.Х.га нике кыйгандыгы аныкталган. Аталган факт Аламүдүн РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесинде көрсөтүлгөн (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда жаран 1960-жылы туулган Э.Р. аталган кылмыш ишине шектүү катарында Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүнкү күндө ага карата үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттук кароого жөнөтүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты